Каныбек Иманалиев: Өлбөстүк үчүн жан берүү

Автор

Бүгүн, 9-ноябрда көрүнүктүү сүрөтчү, таланттуу актер Сүймөнкул Чокморов тирүү болгондо 84 жашка чыкмак. Сүймөнкул Чокморов кыргызды дүйнөлүк коомчулукка тааныткан, элибиздин сүймөнчүлүгүнө айланган,жалпы кыргыз улутунун сыймыгы. Биз коомдук ишмер, жазуучу Каныбек Иманалиевдин  1992-жылы залкар сүрөткер, киноактер Сүймөнкул Чокморов тууралуу  «Асаба» гезитине жазган макаласын сунуштайбыз.

(Сүймөнкул Чокморов жөнүндө)

Ушу жыл кыргыз журту үчүн кара жолтой жыл болду. Эки ирет жер титиреди. А бүгүн минтип денебиз титиреп отурат.

* * *

Нан кымбаттаптыр, бензиндин баасы асмандап кетиптир деп ыркырашып-чыркырашып, анан «сары ооз балапандарга» чейин саясатчы болуп, саймедиреп жаткан заманда кокустан эле мээбизге «каңк» деп бирдеме тийгендей болду. Көрсө бир учубуз үзүлүп түшүптүр. Бир шагыбыз сынып түшүптүр. Бир жылдызыбыз кулап түшүптүр. Кыргыз көркөм өнөрүнүн ибараты болгон, көйкашка талант Сүймөнкул Чокморов дүйнө салып кетиптир.

* * *

Анан кечээ опера жана балет театрынын астында турдук, сиздин жер астына көмүлөрдөгү жүзүңүздү көрмөккө, акыркы ирээт таазим этип, азалуу зыйнатыщызга биз дагы бир адамдык парзыбызды аткармакка. Эл абдан көп болду, бирок алар бу ирээт кумшекер үчүн, же айлык алыш үчүн, же арзан товар үчүн кезек күтүп кысылышкан жок. Талантка таазим эткени келишти. Демек, биз көрпенде болуп кеттик дегенибиз бекер кеп экен.

* * *

Андан келип «Асабанын» балдары бири-бирибизге көңүл айттык. Арты кайрылуу болсун дедик, артын берсин дедик. Арты кайрылуу болгону ушу, эми элибизде мындан ары жаманчылык болбосун. Артын бергени ушу, эми дагы элибизден Сүкөбүздөй таланттар чыксын. А эгер андай болбосо улуттун куруганы ошо.

* * *

Ушу муундун балдары көп армандасак болот. Себеби биз чыныгы баатырлардын чыныгы жүзүн көргөн жокпуз. Тайлак баатырдын, Ормон хандын, Балбай, Шабдан, Байтик баатырлардын, Алымбек датканын, Пулат хандын жүзүн көргөн жокпуз. Алардын кай биринин кабелтеңдиги, жотолуу денеси, кабак түйгөндөгү айбаты, же кашы, же ушу басканы Сүймөнкулга окшош болсо керек деп мен ойлой берем.

Аттиң десе, эч болбогондо Манастын ролун ойноп калганында не! Себеби Сүкөбүздөн баатырдыкындай касиеттер сезилчү.

* * *

А бирок баатырлар да ыйлайбы? А Сүкөбүз Сүлүккарасын сууга агызып ийгенде ыйлабады беле? Бүгүн да эли ошентип Сүлүккарасын сууга агызып ийгенсип, муун-жүүнү бошоп отурат.

* * *

Сагын эже биздин гезиттин өткөн санында жазыптыр, улуу адамды улуу адам гана эстейт деп. Ушул сөздүн мыйзамына баш ийгенсип Сүкөбүз Саякбайдын сүрөтүн укмуш кылып тартып салган. Демек, Сүкөбүздүн өзүн да келечекте улуу адамдар эстеш керек.

* * *

Кечээ аза зыйнатында баарыбыз турдук кабагыбызды түйүп… Саякбай өлгөндө да, Турар өлгөндө да, Алыкул өлгөндө да, Таттыбүбү өңдүүлөр өлгөндө да элиңиз ушинтип туруп берген, эки көзүн алайтып, эрдин тиштеп, буту менен жер чукуп. Анысы – адам баласы ажал астында алсыз экендиги.

* * *

Эгер Кудайдын бар экени чын болсо, эртеңден баштап Сиз бу дүйнөдө, асыресе Ала-Тоонун саясында арбак болуп жашайсыз, рух болуп жашайсыз. Анан Өлбөстүк болуп жашайсыз (анткени өлүмгө чейинки өмүрүңүз ага татыды).

А көрсө, сиз Өлбөстүккө айланыш үчүн өлүп кеткен турбайсызбы! Андай болсо, кош бол, Өлүм, куш кел, Өлбөстүк!

(«Асаба» гезити,

1992-жылдын 1-октябры)

Бөлүшүү:
Next Post

Аялдарга айдоочулук күбөлүк эмнеге берилбей жатканы айтылды

Түркмөнстандын бийлиги биринчи жолу аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүдөн баш тартуу боюнча расмий комментарий берди.  Бул маселеге Женевада өткөн БУУнун Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын жумушчу тобунун 44-сессиясында Ички иштер министрлигинин өкүлү Г.Велиев билдирди. Аткаминердин айтымында, өлкөнүн жолдорунда эч кандай күбөлүгү жок унаа айдап жүргөн көптөгөн аялдар болгон.  Коопсуздукту камсыздоо максатында иликтөө иштери […]

Сизге жагышы мүмкүн