Курманбек Бакиевдин керээзи

Автор

“Мен азырынча Кыргызстанга келбейм. Бир гана өтүнүчүм, эгер Белоруссияда көзүм өтүп кетсе, Сузакка атамын жанына көмүлгүм келет”,- деп билдирген экс-президент Курманбек Бакиев. Ал мындай керээзин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге былтыр кыргыз президенттеринин Дубайдагы жолугушуусунда айткан.
Белгилүү болгондой, мындай маалыматты президент Садыр Жапаров 7-апрель окуясынын жабырлануучулары менен болгон жолугушуусунда билдирген.
Өлкөдө 2010-жылдагы төңкөрүштө жакындарын жоготкондордун атайын коомдук уюмдары иш алып барат. Учурда алардын кээ бири Курманбек Бакиевдин кун төлөө аркылуу өлкөгө кайтып келишине макул экендиги айтылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда баңгизат көбөйүп баратат

Бүгүн, 22-январда парламенттин комитет жыйынында депутат Медер Алиев наркотикалык заттардын көбөйүп жатышы, талкаланган тагдырлар жана өспүрүмдөрдүн баңгизаттарга азгырылып жатканы боюнча маселе козгоп, учурда синтетикалык баңги заттардын оңой эле тарап жатканын айтты. Депутат билдиргендей бул дүйнө жүзүнүн эң олуттуу көйгөйү. “Бириккен Улуттар уюмунун эсептөөсү боюнча 3 чоң криминалдык бизнес бар. Алар […]

Сизге жагышы мүмкүн