Бишкекте жумуш жана кесип жарманкеси өтөт

Автор

Бишкекте жумуш жана кесип жарманкеси өтүп, анда өлкөнүн 70тен ашык алдыңкы компаниялары 6 миңден ашык жумуш сунуштарын беришет. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чара 28-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. 10:00дө башталат, кирүү акысыз.

Жарманкеге келгендер учурдагы бош орундардан тышкары кесип тандоо боюнча кеңеш ала алышат, ошондой эле 60тан ашык адистиктер боюнча акысыз кыска мөөнөттүү окуу программасы менен тааныша алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 24кө жетти

Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдиргендердин саны 24кө жетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Элдар Мадылбеков мандат үчүн күрөшүүнү чечкен. Ал «Ата Мекен» фракциясынын экс-депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи […]

Сизге жагышы мүмкүн