Кыргызстанда баңгизат көбөйүп баратат

Автор

Бүгүн, 22-январда парламенттин комитет жыйынында депутат Медер Алиев наркотикалык заттардын көбөйүп жатышы, талкаланган тагдырлар жана өспүрүмдөрдүн баңгизаттарга азгырылып жатканы боюнча маселе козгоп, учурда синтетикалык баңги заттардын оңой эле тарап жатканын айтты.
Депутат билдиргендей бул дүйнө жүзүнүн эң олуттуу көйгөйү. “Бириккен Улуттар уюмунун эсептөөсү боюнча 3 чоң криминалдык бизнес бар. Алар өтө чоң киреше алып келет. Мисалы, курал жарак сатуу, каражат айлануусу 100 млрд долларды камтыйт. Адам сатуу бизнеси экинчи орун турат, каражат айлануусу 28 млрд долларды түзөт. Ал эми биринчи орунда турган бул, наркотрафика. Андагы каражаттын айлануусу 300 млрд долларды камтыйт”,- деп билдирди депутат.
Ал келечек муунду сактап калуу жана баңги зат менен күрөшүү үчүн ата-энелерди, укук коргоо органдарын жана мугалимдерди биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын чабуулу үзгүлтүккө учураганы айтылды

Украина армиясынын илгерилеши биринчи кезекте инженердик тоскоолдуктардан улам токтотулган. Мындай пикирин коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Аскер кызматкерлерин Инженердик аскерлер күнү менен куттуктаган министр алар курган «инженердик шлагбаумдардын системасы» душмандын чабуул пландарын бузууда негизги ролду ойногондугун белгиледи. Украина жайдан бери масштабдуу каршы чабуул жүргүзүп жатат. Бирок Киев каалаган натыйжага жете […]

Сизге жагышы мүмкүн