Криштиану Роналду жаза алды

Автор

Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду “Аль-Шабаб” клубунун күйөрмандарына карата адепсиз мамилеси үчүн бир оюндан четтетилди.
Федерациянын дисциплинардык комитетинин жобосун бузгандыгы үчүн дисквалификациядан тышкары Роналду 7,9 миң доллар айып төлөйт. Анын 5,3 миң доллары «Аш-Шабаабга», дагы 2,6 миң доллары Футбол федерациясына кетет.
Сауд Аравиянын Жогорку Лигасынын 21-турунун конокто “Аль-Шабаб” менен болгон оюнунун аягында “Аль-Наср” чабуулчусу күйөрмандарга жамбашын чаап, ишарат кылган.
Беттеш 3:2 эсебинде «Аль-Насрдын» пайдасына аяктады. Оюндун 21-мүнөтүндө Роналду пенальтиден гол киргизди.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Газада жардам күткөн жарандардын өлтүрүлүшүн айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш Газадагы кол салууда 100дөн ашуун жарандын жардам күтүп жатып Израил тарабынан өлтүрүлүшүн айыптап, тез арада ок ​​атышууну токтотууга чакырды. БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик даярдаган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Газада каза болгондордун саны 30 миңден ашканы, жаралуулардын саны 70 миңден ашканы, белгисиз […]

Сизге жагышы мүмкүн