Париж – 2024: Месси жайкы Олимпиадага катышабы?

Автор

Аргентина курама командасы футбол боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Аргентинанын капитаны Тиаго Алмада футбол жылдызы Лионель Мессинин Париждеги турнирге катышуусун айтып чыкты.
Ал «Бизде даярданууга убакыт бар. Месси биз үчүн ойногусу келет деп үмүттөнөм. Бул укмуштуудай болмок. Месси макул болсо, капитандык боосун берем. Эми ал чечим кабыл алышы керек», – деди .
Футбол боюнча Олимпиада оюндарына 2001-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн оюнчулардан турган командалар катышат. Кошумчалай кетсек, ар бир команда үчтөн жашы улуу оюнчуну киргизе алат.
Эске салсак, Аргентина курама командасы Леонель Месси менен 2008-жылы футбол Олимпиадасын жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК комитети «ЖМК жөнүндө» мыйзамды колдогон жок

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети бүгүн, 13-февралдагы жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорун колдогон жок. Жыйында мыйзам долбооруна алты депутат добуш берип, алардын үчөө «макул», үчөө «каршы» болду. Талкуу маалында депутаттар Жанар Акаев менен Гуля Кожокулова мыйзам долбоорун сынга алып, аны аягына чейин иштеп […]

Сизге жагышы мүмкүн