30дан ашык өлкө Орусиянын Олимпиададан четтетилишин колдоду

Автор

Орусиянын жана Беларустун спортчуларын эл аралык мелдештерден четтетүү демилгесин дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсү колдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШ, Франция жана Улуу Британия кол койгон биргелешкен билдирүүдө бул демилгеге Орусиянын Украинага кол салуусу түрткү болгону белгиленген.
«Орусия менен Беларустун спортчулары мелдештерге бейтарап макамда катышканы менен, аларды өз мамлекеттери каржылап жатканы белгилүү», — деп айтылат маалыматта.
Документте беларус жана орус спортчулары өз өлкөлөрү баштаган согуш аяктагандан кийин гана эл аралык спорт коомчулугуна кире алышары жазылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул жылдын февраль айынын башында орусиялык спортчуларды Олимпиада оюндарынан четтетүү керектигин айткан.
Ушундай эле билдирүүнү Литванын, Латвиянын, Эстониянын жана Польшанын спорт министрлери да жасашкан.
Январдын аягында Эл аралык Олимпиада комитети Украинадагы согушка ачык каршы чыккан Орусия менен Беларустун спортчуларын эл аралык мелдештерге бейтарап желек менен катышууну улантууну сунуштаган.
Белгилей кетсек, 2022-жылы 24-февралда Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндары аяктагандан кийин Орусия Украинага басып кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Корея боюнча жыйын өткөрөт

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Корея боюнча отуруму бүгүн, 20-февралда Москва убактысы боюнча 23:00дө башталат. Буга чейин Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Түндүк Кореянын 18-20-февралдагы ракета учуруусуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү суранган. Түндүк Корея дүйшөмбү күнү эртең менен батыш жээктен чыгышты көздөй эки ракета учурду. Биринчи ракетанын учуу бийиктиги […]

Сизге жагышы мүмкүн