Азия оюндары:Темирлан Аманкулов Азия оюндарында коло байге утту

Автор

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Темирлан Аманкулов Азия оюндарында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайда өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында кыргызстандык спортчу 75 кг салмак ченинде катышты.

Темирлан Аманкулов чейрек финалда монголиялык спортчуну упайлардын көптүк эсеби менен жеңип, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык беттеште ал кытайлык спортчуга жеңилип калган.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан курама командасынын Азия оюндарындагы үчүнчү медалы. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль жеңсе, Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча коло медалга тагынган.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ири көргөзмө-жарманке өтөт

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2023”, “Органик Экспо 2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-22-октябрда боло турган иш-чарада айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүйнөлүк үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, […]

Сизге жагышы мүмкүн