Килиан Мбаппенин иниси да “Реалга” өтүшү мүмкүн

Автор

17 жаштагы Этан Мбаппе бир тууганын ээрчип Мадрид клубуна келиши мүмкүн. Буга чейин ЖМКлар Килиан Мбаппе сезондун аягында «Реалга» өтүүгө макул болгонун жазып чыгышкан. Келишим 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
“Чемпионат” булагы билдиргендей, “Реал Мадрид” эки бир тууган менен келишим түзүүнү пландаштырууда. Этан бул жайда 18ге чыга элек, ошондуктан анын трансфери кийинки кышында гана мүмкүн.
Этан Мбаппе борбордук жарым коргоочу катары ойнойт. 2023-жылы декабрда ал ПСЖнын негизги командасында дебют жасаган. Жалпысынан ал париждиктердин курамында 3 беттеш өткөрүп, гол киргизбей койгон. Ошондой эле 2023/24 сезонунда кичүү Мбаппе ПСЖнын жаштар курамасында 22 матч өткөрүп, беш гол киргизип, үч пас берген.

Бөлүшүү:
Next Post

29-февралга карата аба ырайы

29-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй […]

Сизге жагышы мүмкүн