Кыргызстандык боксер Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Зафарбек Камалов Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 51 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште тажикстандын мушкери Мерож Суфижоновду 5:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык спортчу Каземи Мехти 5:0 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалдык беттеште монголиялык Энкхтур Тугсбилегди эки раунддун жыйынтыгы менен уткан.
Алтын медаль үчүн беттеште индиялык Арянга жеңилип, жыйынтыгында Зафарбек Камалов жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Бөлүшүү:
Next Post

7-майдын аба ырайы

Эртең, 7-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондоруна кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28, Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26, Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22, […]

Сизге жагышы мүмкүн