Азия чемпионаты: Балбан кыздар 5 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы (U-15) Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

36 кг чейинки салмак категориясында катышкан Айдеми Асангазиева, 62 кг чейинки салмакта Аяна Асамаликова күмүш медалга ээ болушту.

33 кг чейинки салмакта Асема Амангариева, 42 кг чейинки салмак категориясында Аяна Асылбекова жана 50 кг чейинки салмакта Асема Төрөгелдиева коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты. Командалык эсеп боюнча кыргызстандык спортчулар 3-орунду ээледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинага  1,5 млрд  евродон ашык аскерий жардам берилет

Украина эл аралык өнөктөштөрүнөн 1,5 миллиард евродон ашык аскерий жардам алат. Бул тууралуу  Украинанын коргоо министри Алексей Резников билдирди. “Узак аралыкка учуучу SCALP ракеталары, “Леопард” танктары, кошумча Патриоттор, F-16 учкучтарын окутуу – бул коомчулукка жарыяланышы мүмкүн болгон нерселердин айрымдары гана”, – деп жазды Резников бейшемби күнү твиттерде. Германия 25 Leopard […]

Сизге жагышы мүмкүн