Кахраманмарашта кайрадан жер титиреди

Автор

Түркиянын Кахраманмараш шаарында күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:47де Гөксүн аймагында катталган. Жер титирөөнүн очогу 7 чакырым тереңдикте болгон.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.
Буга чейин Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш аймагында 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр тогуз сааттык интервал менен катталган. Жер титирөө өлкөнүн 11 аймагында жана коңшу мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Губернатор депутаттын талабын аткарган эмес

Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов Т-медиа маалымат агенттигине маек берип, депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен болгон мамилесин айтып берди. Депутат Н. Исанов айыл өкмөтүнө  өз адамын дайындап берүүнү суранган. Андан мурда РЭСтин башчысын, социалдык коргоо башкармалыгынын башчысына жана райондук оорукананын башкы дарыгерлик кызматына кадрларын дайындаткан. “Губернатордун жергиликтүү аткаруу бийлигине дайындоо […]

Сизге жагышы мүмкүн