Губернатор депутаттын талабын аткарган эмес

Автор

Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов Т-медиа маалымат агенттигине маек берип, депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен болгон мамилесин айтып берди. Депутат Н. Исанов айыл өкмөтүнө  өз адамын дайындап берүүнү суранган. Андан мурда РЭСтин башчысын, социалдык коргоо башкармалыгынын башчысына жана райондук оорукананын башкы дарыгерлик кызматына кадрларын дайындаткан. “Губернатордун жергиликтүү аткаруу бийлигине дайындоо укугу жок. Негизи, кийлигишүү жакшы эмес”, – дейт Зиядин Жамалдинов.

“Мен деле депутат болгонмун. Депутат болгондон кийин кадр маселесине аралашуу уят”, – деп билдирди. Жусупбек Коргонбай уулу белгилүү дарыгер жана экс -депутат Асамидин Мариповдун баласы менен ат салышканын, шайлоо бүткөндөн кийин Асамидин Мариповду райондук оорукананын башкы дарыгерлигинен кетирүү талабын койгонун да кошумчалаган.

Бөлүшүү:
Next Post

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууну сунуштады

КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну дагы бир ирет сунуштайт. Министрликтен белгилешкендей, тажик тарап Тажикстанга расмий билдирүүсүз кирүүнү чектөөнү улантууда. Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай жагдайда авиабилеттерди […]

Сизге жагышы мүмкүн