Жапонияда сары баш кийимдин сыры

Автор

Жапонияда окууга баратышкан окуучулар эмне үчүн сары баш кийим кийишет, билесизби?
Бул дүйнөдө жалгыз гана жапондорго таандык маданият. Анын ары тарбиялык, ары коопсуздук жагы бар. Жапон окуучулар 6 жашынан баштап, окууга жалгыз барышат. Метрого же, автобуска үй – бүлө мүчөлөрү жок өздөрү гана минишет. Мына ушул аракет аларды өзүнө ишенген, эркин, жоопкерчиликтүү болуп өсүүгө тарбиялайт.

Жапония дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө. Ошентсе да, жаш өспүрүмдөр катуу коргоого алынган. Эгер өспүрүм сары баш кийим менен баратса, анда ал окууга жалгыз баратат деп түшүнүшөт. Мындайда коомдук транспортту башкаргандар, таксисттер жана жөнөкөй айдоочулар жол эрежесин сактап, аяр мамилеге өтүшөт. Ошон үчүн жапон ата-энелер балдарын окууга жөнөтүп жатып, кабатыр болушпайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Радио тууралуу кызыктуу фактылар

1. Эң алгачкы коомдук уктуруулардын бири Эйфел мунарасынын чокусунан болгон 2. Радионун алгачкы жетишкендиктери «зымсыз телеграф» деп аталып калган, ошондуктан радио мурда зымсыз деп аталып калган. 3. Радио берүүлөргө карата айтылган «радиоберүү» деген сөз адегенде үрөндөрдү кеңири чачуу үчүн айыл чарба термини болгон. 4. Радиотолкундардын болушу жана радиоберүүнүн мүмкүндүгү 1860-жылдары […]

Сизге жагышы мүмкүн