Баткен облусуна 9 айда 1,14 млрд сом бөлүндү

Автор

2023-жылдын 9 айында Баткен облусуна 1,14 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен облусунун өнүгүү программасына (статус) – 500 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды.

Ишкерлерге бюджеттик кредиттер

– 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга – 90,2 млн сом бөлүндү.

Бюджеттер аралык трансферттер

– Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 млн сом каржыланган. Алар:

– теңдөөчү трансферт – 246,2 млн сом;

– максаттуу трансферттер – 121,8 млн сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 178,8 млн сом каржыланды, анын ичинен:

– Облустук өнүктүрүү фонду 117,4 млн сом;

– Райондук өнүктүрүү фонддору – 61,4 млн сом.

– өз алдынча жергиликтүү органдарга – электр энергияга 11,6 млн сом каржыланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталууда

Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмдүн баасын 20 сомго көтөрүү сунушталууда. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов  “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Ал  шаардагы коомдук унаалардын баарына, тагыраагы, автобус, троллейбус жана кичи автобустардын менчигине карабай бирдей баа – 20 сомдон болушу керектиги […]

Сизге жагышы мүмкүн