Бишкекте жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өттү

Автор

Бишкек шаарында жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара борбор калаанын 145 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Жаа атуу боюнча мелдешке жалпысынан 74 спортчу катышты. Анын ичинде Казакстандан 11, Түркиядан 3, Ысык-Көл облусунан 16, Чүй облусунан 9 жана Бишкектен 35 спортчу бар.

Турнирдин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: 10 салык кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу  УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери ишкерлер менен тымызын сүйлөшүп алышып, салыктын эсебин 100 млн сомдон ашык суммага атайылап азайтышкан. Келип түшкөн материалдардын негизинде  Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш козголуп, 10 инспектор камакка алынган. Учурда бул […]

Сизге жагышы мүмкүн