Катарда Азия Кубогунун ачылышы өттү

Автор

Катарда футбол боюнча негизги континенталдык турнир – 2023-жылкы Азия Кубогу старт алды. Турнирдин ачылышы “Лусаил” стадионунда өтүп, көз жоосун алган азем менен коштолду. Иш-чаранын ачылышына жана алгачкы беттешти көргөнү 82 миңден ашуун көрүүчү келген.
Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы Азия биринчилигине өз тарыхында экинчи жолу ойнойт. Ага жалпысынан 24 Улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.
«F» тайпасындагы орун алган биздин команданын атаандаштары Таиланд, Сауд Арабия жана Оман курамалары болот. Турнирдеги биздин команданын старттык беттеши 16-январда «Абдулла Бин Халифа» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да өтөт.
Эске салсак, Азия Кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катардын 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Астанада Назарбаевдин эстелиги алынып салынды

Астанадагы Улуттук коргонуу университетинин аймагында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин 2020-жылы 80 жылдык мааракесине карата ачылган эстелиги алынды. Бул учурда журналисттер окуу жайдын аймагына кире алган жок, кире беришине тосмо орнотулуп, күзөтчүлөр нөөмөттө турган. Анткени бул университет стратегиялык аскердик объект болуп саналат. Казакстандын Коргоо министрлиги эстеликтин бузулушуна берген комментарийинде Коргоо […]

Сизге жагышы мүмкүн