Астанада Назарбаевдин эстелиги алынып салынды

Автор

Астанадагы Улуттук коргонуу университетинин аймагында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин 2020-жылы 80 жылдык мааракесине карата ачылган эстелиги алынды. Бул учурда журналисттер окуу жайдын аймагына кире алган жок, кире беришине тосмо орнотулуп, күзөтчүлөр нөөмөттө турган. Анткени бул университет стратегиялык аскердик объект болуп саналат.
Казакстандын Коргоо министрлиги эстеликтин бузулушуна берген комментарийинде Коргоо министринин буйругу менен Казакстан Республикасынын биринчи Президенти – Элбасы атындагы Улуттук коргоо университетинин аталышы Казакстан Республикасынын Улуттук коргонуу университети болуп өзгөртүлгөнү айтылды. Буга байланыштуу эстеликти Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Мамлекеттик аскердик тарых музейинин имаратына көчүрүү жана орнотуу чечими кабыл алынганы кошумчаланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Тайванда президенттик жана парламенттик шайлоолор башталды

Тайванда 13-январда эртең менен президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн шайлоо участкалары ачылды. «Тайванда шайлоо участкалары Москва убактысы боюнча 16.00гө чейин иштейт. Жабылгандан кийин бюллетендерди кол менен саноо башталат, электрондук, сырттан же мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө жол берилбейт. Жеңүүчү болуп эң көп добуш алган талапкер табылат, экинчи тур жок»,-деп билдирет TeleTrader.com […]

Сизге жагышы мүмкүн