Кара-Балта шаарынын мэри дайындалды

Автор

Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине, КР президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Жекшенов Мирлан Ратынбекович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Бейшеналиев дарыгерлердин канча айлык аларын айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында медицина кызматкерлеринин айлык акысын билдирди. Анын айтымында, административдик бөлүмдүн кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 2020-жылы 9,6 миң сом, 2021-жылы 14,4 миң сом, 2022-жылы 14,6 миң сом жана 2023-жылы 20,2 миң сомду түздү. Быйыл дарыгерлердин орточо айлык акысы – 23,5 миң сом, […]

Сизге жагышы мүмкүн