Сеул-Бишкек багыты боюнча биринчи каттам аткарылды

Автор

«Манас» эл аралык аэропортуна Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учагы конду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Эми мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борбору Сеулга Бишкек шаарынан түз уча алышат. Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат.

Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат. Учактын Сеул шаарына конуусу жекшемби күнү, ал эми Бишкектен учуу убактысы дүйшөмбү күнү аткарылат.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттерди сатпай турганын жана баа саясатына аралашпай турганын эскертет. Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржы маселелерге кийлигишпейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Токтогулдагы мугалим үчүн 5 млн сом төлөнүп берилет

“Токтогул өрөөнүндө жол кырсыгынан бир мугалим каза болду. Ага 5 млн сом төлөнүп берилдиби”,- деп сурады  Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо өкмөттүн өкүлүнөн. “Прокурорлорго 21 млн сомго чейин төлөп жатасыңар, кечээ Токтогулда мугалимдер үчүн сыноо болуп, биринчиликти алган эжеке каза болуп калды. Ал да көз жаздымда калып кетпесин. Мугалимдер иш […]

Сизге жагышы мүмкүн