Өкмөт Жогорку Кеңештин укуктарын кыскартуу мыйзамын Айбек Осмонов четке какты

Автор

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитетинин жыйынына Министрлер кабинети сунуштаган КР айрым мыйзам актыларына мамлекеттик органдардын, КР тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, КР Эл аралык  келишимдери жөнүндө, КР мыйзамдарына өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу КР мыйзам долбоору депутат Айбек Осмоновдун демилгеси менен четке кагылды.

“Бул маселени карабай эле артка кайтарсак жакшы болот деп эсептейм. Анткени, 5-берененин 3-бөлүмүн карасаңыздар. N:3-4-6-8- пункттар биздин комитеттин ыйгарым укуктарын кыскартуу боюнча экен. Бул болбойт да, муну добушка коюп артка кайтаралы”, – деди Айбек Осмонов.

Депутаттын мындай сунушун комитет мүчөлөрү колдоп кетишти.

Комитет жыйынында талаш-тартыш жаратып, Айбек Осмоновдун демилгеси менен четке кагылган мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кээ бир ыйгарым укуктарын жокко чыгаруу сунушталууда. Анын ичинде:
– тышкы саясаттын концепциясынын долбооруна макулдук берет;(жокко чыгат)
– дипломатиялык мамилелерди орнотуу маселелери боюнча макулдук берет;(жокко чыгат)
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ыры — Өкмөт), тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары — ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды берет; (жокко чыгат)

 

Бөлүшүү:
Next Post

4-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 4-апрелде Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,   Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,   Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, […]

Сизге жагышы мүмкүн