Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны аяктады

Автор

Анкара шаарында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны аяктады.

Алгач Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий сапар менен келген Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Түркия Республикасынын Президентинин сарайында салтанаттуу азем менен тосуп алды. Атайын ардактуу кароол тизилди.

Жыйындын күн тартибине экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери кирген.

Отурумдун тең төрагалары болгон МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров менен Вице-президент Жевдет Йылмаз эки мамлекеттин ортосунда мамилелерди бекемдөө жана чыңдоо үчүн стратегиялык маанилүү чечимдер кабыл алынган ушул Комиссияны жыл сайын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын Түркияда Соода өкүлчүлүгүнүн түзүлүшү жагымдуу окуя болгонун, бул кадам эки мамлекеттин экономикалык байланыштарынын тереңдешине өбөлгө түзүп, соода жана инвестиция жаатындагы кызматташуунун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылаарын белгиледи.

“Бүгүнкү Комиссиянын жыйынынын күн тартибине эксперттерибиз алдын ала чогуу талкуулап, макулдашкан актуалдуу маселелер киргизилген. Буга байланыштуу бул отурумдун бардык катышуучуларына жана эксперттерине конструктивдүү, командалык жемиштүү иши үчүн терең ыраазычылык билдирем”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу байланыштарды орнотуу жана кеңейтүү жаатындагы кызматташуулар чоң ийгиликтерге жетишилгенин белгиледи.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган Комиссиянын жыйынынын Протоколуна, Эл аралык унаа жолдору боюнча Макулдашууга жана Экспорт тармагында Меморандумга кол коюлду.

Иш-чаранын соңунда кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында квартал сайын маалымат алмашуу макулдашылды.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлө турган болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте 10-11-февралда айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жарманке Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде таңкы саат 8:00дөн 18:00гө чейин болот. Анын максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жарманке ар […]

Сизге жагышы мүмкүн