Чемпиондор Лигасы: Түркия  финалда 200 миллион доллар киреше тапты

Автор

Стамбулдагы футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын финалы Түркияга ири акча табууга мүмкүнчүлүк берди.

«Финалга дүйнөнүн төрт бурчунан коноктор келип, өлкөбүздүн экономикасына 200 миллион доллар өлчөмүндө салым кошушту», – деди Түркиянын футбол федерациясынын жетекчиси Мехмет Буюкекши.

Эске салсак, 10-июнда Чемпиондор Лигасы – 2022/23 финалы аяктап, анда англиялык “Манчестер Сити” менен италиялык “Интер” беттешкен. Шаардык «Манчестер Сити» 1:0 эсебинде жеңишке жетип, турнирди жеңип алышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

«Талас» аэропортунун курулушу башталды

«Талас» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу башталды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Келечек урпактарга кайрылуу жазылган кутуча салуу иш-чарасына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты. Белгилей кетсек, аэробекеттин жалпы аянты 662,60 чарчы метрди […]

Сизге жагышы мүмкүн