Кышкы Азия оюндары Кытайда өтөт

Автор

Азиянын Олимпиадалык кеңеши IX Кышкы Азия оюндарынын өтө турган жерин жана убактысын аташты. Бул тууралуу спорттук уюмдун соцтармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Азия оюндары 2025-жылдын 7-февралынан 14-февралына чейин Кытайдын Харбин шаарында өтөт.
Кеңеш ошондой эле оюндардын тумарын, эмблемасын жана ураанын бекитти. Ал “Кыш кыялдары, Азиядагы сүйүү” деп аталды.
Эске салсак, Кытайдын Харбин шаары буга чейин Кышкы Азия оюндарын 1996-жылы өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

12-апрелге карата аба ырайы

12-апрелде өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, облустарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21; Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19; Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25; Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26; Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16; […]

Сизге жагышы мүмкүн