G7 өлкөлөрү Украинаны мындан ары да колдоорун жарыялашты

Автор

Чоң жетиликтин мүчөлөрү НАТОнун саммитинин алкагында биргелешкен декларация кабыл алышты.

Чоң жетиликтин өлкөлөрү Украинага канча убакыт керек болсо, ошончо колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу НАТОнун Вильнюстагы саммитинин алкагында кабыл алынган «Жетилик тобунун» биргелешкен декларациясында айтылат.

 

G7 Украинага узак мөөнөттүү коопсуздук кепилдиктерин сунуштоо үчүн көп тараптуу негизде аракеттенүүгө даяр экенин билдирди.

 

Документте Украинанын коопсуздугу Евроатлантикалык мейкиндиктин коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү экени баса белгиленет.

Билдирүүдө Украина менен коопсуздук жаатында конкреттүү, эки тараптуу, узак мөөнөттүү милдеттенмелер жана макулдашуулар боюнча кызматташууга даяр экени белгиленген. Мындай кызматташтык Украинанын аскердик потенциалын камсыздоого, анын экономикалык туруктуулугун жана туруктуулугун чыңдоого, өлкөнүн чукул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн техникалык жана каржылык колдоо көрсөтүүгө багыттала турганы айтылды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский G7 декларациясын кубаттады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат

Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат. Бул тууралуу  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кодексти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер катышты. Жумушчу топ түшүндүргөндөй, Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун […]

Сизге жагышы мүмкүн