Алагөзов телефон шылуундардан сак болууга чакырды

Автор

Учурда ар кыл көз боемочулардын мыйзамсыз аракеттери күч алууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
«Алар ар кандай шылтоолор менен мамлекеттик органдардын иш-чараларына телефон аркылуу чакырып, акча чогултуп жатканын айрым маданият кызматкерли маалымдашты. Президенттин Администрациясы же мамлекеттик органдардын атынан кимдир бирөөлөр иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса – бул алдамчылар деп билиңиздер. Мамлекеттик кызматкерлер президенттин атынанбы, министрлер кабинетинин төрагасынын атынанбы, же башка кызматтык адамдардын атынан болобу майрамдык иш-чараларга чакырып, сыйлык, наамдарды тапшырууда эч убакта акча чогултпайт. Эгер сиз менен бейтааныш адамдар байланышып, мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык катары каражат чогултуу маселесин көтөрсө, ошол замат тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылыңыздар»,-деди ал.
Алагөзов телефон аркылуубу же соцтармак аркылуубу ар кандай мыйзамсыз аракеттерге барган алдамчылар, көз боемочулар үчүн мыйзам чегинде тийиштүү жоопкерчилик каралганын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдар Абакиров Ваучердик система боюнча түшүндүрмө берди

“Кыргызстанда 2 жаштан 6 жашка чейин бала бакчага бара турган 1 млн 150 миң бала бар. Ошонун 200 миңге жакыны гана бала бакчага барат, калган 900 миңден ашыгына бала бакчалар жетишпейт. Өспүрүмдөр бала бакчага барган учурунда билим алса, 16 жашка чыкканда жемишин берет. Мектепке барган учурунда инвестиция кылсаңыз, анда 5 […]

Сизге жагышы мүмкүн