Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-январда Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди.
Комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев бир нече отурум өткөнүн, Жамгырчиевди жоопко тартууга байланышкан бир катар материалдар каралганын, тиешелүү тараптардын билдирүүлөрү угулганын маалымдады.
Каттоодон өткөн 81 депуттаттын 69у макул добушун берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Башкы прокуратура 27-декабрда депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган жана парламентте убактылуу комиссия түзүлгөн.
Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 202ге жетти

Япониядагы бир катар жер титирөөлөрдөн көз жумгандардын саны 202 адамга жеткенин NHK телеканалы билдирди. Жоготуулардын көбү Судзу шаарында – 91 адам. Вадзима шаарында 81 адам, Анамидзу аймагында 20 адам каза болгон. Префектурада жалпысынан 565 адам жабыркады. 102 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Жер титирөөдөн жапа чеккен аймактардын 28 миңдей жашоочусу эвакуациялоо […]

Сизге жагышы мүмкүн