Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны кыскарды

Автор

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 5-жумасында (29.01-02.02.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7266 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Октябрдан тарта 1 миң 597 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.
Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда.
Оорунун жогорку көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда катталды, 233,3, 185,2 жана 168,8, түздү.
Республикада КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын санынын көптүгүнөн жабылган мектеп жана бала бакчалар жок.
Бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров Өзгөндү айланып өтүүчү жолдун курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Министрлер кабинетинин башчысы бул долбоор «Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» президенттин жарлыгын аткаруунун негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке […]

Сизге жагышы мүмкүн