Казакстан-Өзбекстан: Кибермейкиндикте машыгуу өттү

Автор

2-августтан 5-августка чейин Ташкент облусунун Чирчик шаарында “Канжар-2023” биргелешкен ыкчам-тактикалык компьютердик командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүн моделдөө жана симуляциялоо боюнча илимий-талаа окуу борборунун базасында болгон иш-чара Казакстан менен Өзбекстандын Коргоо министрликтеринин 2023-жылга карата аскердик кызматташуу планына ылайык өттү.
Ага казакстандык 18 аскер кызматкери катышты. Иш сапардын жүрүшүндө моделдөө жана симуляциялоо боюнча илимий-талаа окуу борборунун, ошондой эле Чирчик жогорку танктык командалык-инженердик окуу жайынын окуу-материалдык базасы менен таанышты.
Мангыстау областындагы Оймаш полигонунда кибермейкиндикте күжүрмөн миссиялар иштелип чыккандан кийин 12-августта аяктай турган «Канжар-2023» машыгуусунун экинчи этабы башталды.

Бөлүшүү:
Next Post

9-августка күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 9- августта өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы ыктымал.   Күндүз Ысык-Көл, нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолу аймактарында жана тоо этектеринде өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлүүдө.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;   Таласөрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн