Жунглиде учак кыйраган жерде төрт бала тирүү табылды

Автор

Колумбиянын аскерлери 1-майда жунглиде кыйраган учактын бортунда төрт баланы тирүү табышкан.
Президент Густаво Петро «Биздин куралдуу күчтөр тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында биз учак кырсыгынан кийин дайынсыз жоголгондордун тизмесине кирген төрт баланы тирүү таптык»,-деп жазган социалдык тармакта.
Semana журналынын маалыматы боюнча, балдардын арасында 11 айлык наристе да бар.
Солано муниципалитетинен Сан-Хосе-дель-Гавиаре шаарына учуп бараткан Cessna 206 учагында бардыгы болуп жети адам болгон. Кыйроого учактын кыймылдаткычы иштебей калганы себеп болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

«Каракол» аэропортунун жетекчилигине иш козголду

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, […]

Сизге жагышы мүмкүн