Ким Чен Ын жыйында ыйлады

Автор

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 3-декабрда башталган бешинчи улуттук энелер курултайында баяндама жасап жатып ыйлады. Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин катчысы Ли Ил Хвандын энелердин балдарынын келечеги үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр экенин айтканда Ким Чен Ын көзүнө жаш алды.
Пхеньянда энелердин курултайы 11 жылдан бери биринчи жолу өттү. Жыйында Ким Чен Ын өлкөдөгү төрөттүн төмөндөшүнө тынчсыздануусун билдирип, муну жаштардын арасында антисоциалисттик жүрүм-турумдун өсүп бараткан проблемасы менен байланыштырды. Ал аялдарды өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мүмкүн болушунча көп бала төрөп берүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Азиз Канатбек кызматынан бошотулду

Раим Матраимовдун адвокаты делген Канатбек Азиз Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору кызматынан бошотулду. Ал бул кызматты 1 жыл 3 ай аркалады. Канатбек Азиз 2020-жылы коррупция менен шектелип, камакка алынган Раим Матраимовдун адвокаты болгон. Ошол эле жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн