Иран Израилге дрондор менен сокку урду

Автор

Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку урду. Кол салуунун башталышын Израилдин коргоо армиясынын башчысы Даниэль Хагари жыйында ырастады.
Чет элдик ЖМКлар муну дүйнөлүк аскердик тарыхтагы согуштук дрондордун эң массалык чабуулу экендигин жазышууда. Израил армиясынын маалыматы боюнча, Иран түнү 400дөн ашуун учкучсуз учактарды жөнөткөн.
Израилдин Премьер-министри Биньямин Нетаньяху шашылыш кайрылуу жасап, Израил Ирандын түз чабуулуна даяр экенин жана жооп кайтарарын билдирди.
“Биздин коргонуу системаларыбыз жайгаштырылган жана биз коргонууда да, чабуулда да ар кандай сценарийге даярбыз”, – деди Нетаньяху.
Азыркы маалга чейин бул өлкө аймагында кайсы бир обьектинин жабыр тартканы жөнүндө билдирүү боло элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медаль утуп алды. 62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түштүк Корея өлкөсүнөн келген Сюн Жо аттуу балбан кызды 6:0 эсеби менен алдыга чыгып келе жатып туше ыкмасын колдонуп, таза […]

Сизге жагышы мүмкүн