Ирандын президенти Дамаскка келди

Автор

Ирандын президенти Ибрагим Раиси расмий сапар менен Дамаскка келди. Иран лидери Сириянын президенти Башар Асад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ниеттенүүдө. Бул Иран лидеринин Сирияга акыркы 13 жылдагы алгачкы сапары.
Мамлекет башчылары сириялык-ирандык мамилелердин саясий жана экономикалык аспектилерин талкуулоого, маанилүү келишимдерге кол коюуга ниеттенүүдө. Дамаскка президент менен бирге коргоо, байланыш жана маалымат технологиялары, жолдор жана шаар куруу министрлери келишти.
1-майда Сирия, Сауд Арабия, Египет, Иордания жана Ирактын тышкы иштер министрлери Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча жыйын өткөрүштү. Араб мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр 2011-жылы Сириянын Араб Лигасына мүчөлүгүн токтотуу чечиминен кийин Сирия жетекчилиги үчүн биринчи сүйлөшүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Болот Баетов Акыйкатчылыкка аттанышы мүмкүн

Кыргыз коомчулугу Акыйкатчынын кызмат ордуна жаш жана жигердүү саясатчы Болот Баетовдун талапкерлигин сунуштап жатышат. Болот Баетов Өзгөн районунда туулган. Кесиби юрист. Учурда Ош шаардык Кеңешинин депутаты. Анын сунушу жана демилгеси менен шаарда бир топ, алгылыктуу иштер аткарылды. Өткөн айдагы шаардык Кеңештин жыйынында Ош калаасындагы  тротуарлардын сапатсыз курулганын айтып, тийиштүү кызмат […]

Сизге жагышы мүмкүн