Болот Баетов Акыйкатчылыкка аттанышы мүмкүн

Автор

Кыргыз коомчулугу Акыйкатчынын кызмат ордуна жаш жана жигердүү саясатчы Болот Баетовдун талапкерлигин сунуштап жатышат.

Болот Баетов Өзгөн районунда туулган. Кесиби юрист. Учурда Ош шаардык Кеңешинин депутаты. Анын сунушу жана демилгеси менен шаарда бир топ, алгылыктуу иштер аткарылды. Өткөн айдагы шаардык Кеңештин жыйынында Ош калаасындагы  тротуарлардын сапатсыз курулганын айтып, тийиштүү кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун берген. Аны коомчулук билимдүү, тажрыйбалуу жана элге жакын кадр катары тааныйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Тергөө комитети Кремлге кол салуу боюнча иш козгоду

Россиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы Кремлге учкучсуз учактардын чабуулуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкиндин тапшырмасы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (террордук акт) боюнча “Киев режиминин Россия Федерациясынын Президентинин Кремлдеги резиденциясына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруу аракетине байланыштуу” кылмыш иши козголду. Тергөө комитетинин отчетунда эки учкучсуз […]

Сизге жагышы мүмкүн