Инвестициялык банкир Джейкоб Ротшильд көз жумду

Автор

Инвестициялык банкир, каржы магнаттарынын жана коомдук ишмерлердин белгилүү династиясынын өкүлү Джейкоб Ротшильд 87 жашында көз жумду.
Джейкоб Ротшильд 1936-жылы Улуу Британиянын Беркшир шаарында биолог, мамлекеттик ишмер жана британ контрчалгынынын MI5 директорунун мурдагы орун басары Виктор Ротшильд менен анын биринчи жубайы Барбара Жудит Ротшильддин үй-бүлөсүндө туулган. Ал Итон колледжинде билим алып, андан кийин Оксфорд колледждеринин биринде окуусун уланткан. 1963-жылдан баштап Ротшильд Лондондогу N M Rothschild & Sons үй-бүлөлүк банкында иштеп, 1980-жылы үй-бүлөлүк чырдан улам кызматтан кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте хоккей боюнча чемпионаттын 3-дивизиондук беттеши өтөт

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаттынын 3-дивизиондук таймашында Бишкек шаарында алты команда ат салышат. Биринчилик «Бишкек аренасында» 10-16-мартта өтмөкчү. Кыргызстандын курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн таймашат. Атаандаштар — Мексиканын, Түштүк Африка Республикасынын, Люксембургдун, Түркмөнстандын жана Таиланддын командалары. Кыргызстандык хоккейчилердин беттеше турган күндөрү: Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00; Кыргызстан — Люксембург, […]

Сизге жагышы мүмкүн