ИДПнын көлөмү 1 трлн 72 млрд сомго жетти

Автор

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономика жаатындагы иштер жакшы диманика менен бара жатканын белгиледи.
“Дүйнөлүк тобокелдиктерге карап өзүбүздүн божомолдорубузду консервативдүү алып жатабыз. Бирок, жакшы динамика менен бара жатат. Быйылкы жылдагы ички дүң продуктынын көлөмү пландалгандай эле, 11 айда 1 тлрн 72 млрд сомду түзүп, 2023-жылга болжолдонгон көлөмгө жеттик. Алдыда дагы жарым айыбыз калды”, – деди ал.
Жапаров тышкы саясаттын туура жүрүшүнөн 2022-жылы өлкөнүн экономикасына 1,2 млрд доллар түз чет элдик инвестиция тартылганын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

ЕБ Украина менен Молдова боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт

Европа лидерлери Украина жана Молдованы Евробиримдикке мүчө болуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону, Грузияга талапкер статусун берүүнү чечишти. Мындай чечимди Еврокеңештин президенти Шарль Мишель журналисттерге билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселдеги саммитте кабыл алынган чечимди өлкөсү жана Европа үчүн “жеңиш” деп атады. “Бул Украинанын жеңиши. Бүткүл Европа үчүн жеңиш. Мотивация берген, шыктандырган […]

Сизге жагышы мүмкүн