«Сорос-Кыргызстан» фонду өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотот

Автор

“Ачык коом” фонддору коомчулукта талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотот. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтында жарыяланды.
Анда чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгүнө чаржайыт жана так аныкталбаган чектөөлөр киргизилип жатканы белгиленген.
«Ачык коом» фонддорунун президенти Бинайфер Новрожи «Сорос-Кыргызстан» фондунун 30 жылдан бери жасаган эмгектерин айтып, мындан ары өлкөдө өз ишмердүүлүгүн уланта албай турганына өкүнүнчүн айткан.
«Сорос-Кыргызстан» фонду 1993-жылы ачылган. Фонд Кыргызстандын билим берүүсүнө, саламаттыкты сактоо жана башка бир канча багыттарда долбоорлорду ишке ашырып келген.
Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга 2-апрелде кол койгон.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК "жер мафиясынын" уюштуруучуларын кармады

Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча каралган кылмыштын белгилери туралуу катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Повровск жана Люксембург айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар […]

Сизге жагышы мүмкүн