Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

Автор

Бүгүн, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Суу “Энесай” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстандын окумуштуулары калемпирдин жаңы түрүн табышты

Жашылчалар боюнча илим-изилдөө институтунун окумуштуулары көп жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында Өзбекстанда биринчи жолу ачуу калемпирдин сортун чыгарышты. “Чыгыш бермети” аталышындагы калемпир Өзбекстанда күнөсканада өстүрүүгө ылайыкталган биринчи жергиликтүү сорт. Анын өсүү мезгили 123-125 күн. “Чыгыш берметинин” сырткы көрүнүшү башка калемпирлерден дээрлик айырмаланбайт. Бир бадалдан 45-50 мөмө, гектарына 24-25,5 тонна түшүм алынат. Мындан […]

Сизге жагышы мүмкүн