ЕБ Украина менен Молдова боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт

Автор

Европа лидерлери Украина жана Молдованы Евробиримдикке мүчө болуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону, Грузияга талапкер статусун берүүнү чечишти.
Мындай чечимди Еврокеңештин президенти Шарль Мишель журналисттерге билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселдеги саммитте кабыл алынган чечимди өлкөсү жана Европа үчүн “жеңиш” деп атады.
“Бул Украинанын жеңиши. Бүткүл Европа үчүн жеңиш. Мотивация берген, шыктандырган жана күчтөндүргөн жеңиш»,-деп жазган Зеленский X социалдык тармагындагы постунда.
Молдованын президенти Майя Санду бул чечим бүткүл өлкөгө кубаныч алып келгенин X аркылуу билдирди.
Украина менен Молдова Евробиримдикке кошулуу арызын Россия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу операциясынан кийин беришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептерде китеп тартыштыгы болбойт

Кийинки жылы мектептерде китеп тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев билдирди. Анын айтымында, быйыл бюджеттен китеп чыгарууга 152 миллион сом бөлүнгөн. Учурда “Учкун” басмаканасында окуу куралдарынын эки партиясы басылып чыгып, мектептерге жөнөтүлдү. Дагы эки партиясы даярдалууда. Белгилей кетсек, быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу […]

Сизге жагышы мүмкүн