Зидан кайрадан “Реалды” жетектөөгө келиши мүмкүн

Автор

Француз машыктыруучусу Зинедин Зидан  үчүнчү ирет “Реалды” башкара турган болду. Бирок, бул үчүн франсуз адиси клубдун жетекчилигине  белгилүү бир шарттарды койду.

“Defensa Central” билдиргендей, Зидан эгерде  клубка кайтып келсе, фитнес боюнча машыктыруучу Грегори Дюпонду өзүнүн машыктыруучу штабында көргүсү келет.  Мындан тышкары  бельгиялык Эден Азарды командада калтырууну каалайт.

Эске салсак, Зидан жайында  кызматтан кете турган“Реал Мадриддин” башкы машыктыруучусу Карло Анчелоттинин ордуна  талапкер болууда. Зидан буга чейин “Реал Мадрид” клубу менен 2016-жылдан 2018-жылга чейин жана 2019-жылдан 2021-жылга чейин иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

“Бай-Түшүм" Банктын акциялары Жумабек Салымбековго сатылды

“Бай-Түшүм” Банктын 50.75% акциялары Жумабек Салымбековго сатылды. Калган акционерлердин курамы өзгөрүүсүз калды. “Бай-Түшүм” 2000-жылы финансылык фонд катары түзүлгөн. Кийинчерээк микрофинансылык компанияга айланган. Ал эми 2012-жылы коммерциялык банк катары лицензия алган. Жумабек Салымбеков Кыргызстандын белгилүү ишкери, “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун тууганы. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн