Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча финалисттер аныкталды

Автор

9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата улуттук ат оюндары боюнча Республикалык мелдеш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтүүдө.
Анын алкагында финалга жогорку лигадан «Ынтымак» жана «Сары-Өзөн» командалары чыкса, биринчи лигадан «Талас» жана «Ысык-Ата» командалары чыкты. Ошондой эле, экинчи лигада «Казарман» жана «Толук» командалары финалга чыкса, легендалар лигасынан «Манас-Талас» жана «Талас» командалары күч сынашат.
Бүгүн, 8-майда боло турган оюндардын программасы:
Экинчи лига:
— 9:00 «Бүркүт» — «Бийиктик» (3-орун үчүн);
— 10:00 «Казарман» — «Толук» (финал);
Легендалар лигасы (40 жаш):
— 12:30 «Сары-Өзөн» — «Биримдик Ысык-Көл» (3-орун үчүн);
— 13:35 «Манас-Талас» — «Талас» (финал).
Биринчи лига:
— 14:40 «Кара-Кулжа» — «Алтын-Альянс» (3-орун үчүн);
Жогорку лига:
— 15:45 «Мурас» — «Ийгилик» (5-орун үчүн);
— 16:50 «Достук» — «Намыс» (3-орун үчүн).

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэриясы кээ бир курулуш компанияларын айыпка жыкты(тизме)

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мэрияга караштуу муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузган кээ бир курулуш компанияларына айып пул салды. Маалым болгондой, 1. “Престиж Би Центр” – 17.000 сом 2. “Техник Трейд” жоопкерчилиги чектелген коому 34 миң сом 3. “Аманат Строй Инвест” курулуш компаниясы 23.000 сом 4. “Шер Курулуш” […]

Сизге жагышы мүмкүн