Заманыбыздын эң мыкты мушкери  аталды

Автор

Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) башчысы Маурисио Сулейман заманыбыздын эң мыкты мушкерин атады.

Сулеймандын айтымында, бул наам британиялык Тайсон Фьюриге таандык, бирок анын жогорку статусу азыр ага атаандаштарды табууга тоскоол болууда. «Ал мыкты мушкер болуу үчүн азап тартып, ашууларды ашты, ошондуктан эч ким аны менен таймашкысы  келбейт. Тайсон Фьюри ким менен болсо да күрөшүүгө даяр», – деди спорттук аткаминер.

29-апрелде Фьюри украиналык Александр Усик менен беттешиши керек болчу, бирок 22-мартта менеджер Эгис Климас беттеш өтпөй калганын жарыялады. Анда мушкерлер гонорарды бөлүштүрүүдө бир пикирге келе албай жатканы белгиленди.

Белгилей  кетсек, Фьюри 33 жеңиш, бир тең чыгуу жана жеңилүү ызасын тарткан. Ал оор салмактагы WBC чемпиондук куруна ээ.

Бөлүшүү:
Next Post

ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт

Бишкекте ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт. Маалыматка ылайык, иш-чара ушул жылдын 12-13-июнь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чаранын алкагында атайын концерттик программа уюштурулуп, ага түрк дүйнөсүнүн 100дөн ашуун искусство чебери катышат. 12-июнда […]

Сизге жагышы мүмкүн