ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт

Автор

Бишкекте ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чара ушул жылдын 12-13-июнь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чаранын алкагында атайын концерттик программа уюштурулуп, ага түрк дүйнөсүнүн 100дөн ашуун искусство чебери катышат.

12-июнда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү өтөт. Башталышы саат 14:00. Ошондой эле саат 15:00дө А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү жана уюмдун сыйлыктары тапшырылат.

Ал эми 13-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү уюштурулат. 40 манасчынын бирге манас айтуусу орун алып, ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин чыгармачыл топторунун катышуусу менен “Биз биргебиз” гала-концерти өтмөкчү.

Эске салсак, Түрк дүйнөсүнүн биринчи кызматташтык уюму ТҮРКСОЙ 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттикке талапкерлерде чоң активдүүлүк байкалууда

АКШда 2024-жылга президенттикке талапкерликке, өзгөчө республикачылардын арасында чоң активдүүлүк бар. Трамп жана Рон Десантис сыяктуу эки маанилүү талапкерден кийин күчтүү фигура болгон мурдагы вице-президент Майк Пенс да талапкерлигин жарыялады. Партияда 10го жакын адам, анын ичинде көптөгөн экс-губернаторлор даярдыгын билдирүүдө. Демократтарда Байденге каршы күчтүү талапкер жоктугу болжолдонууда. Америка Кошмо Штаттары жаңы […]

Сизге жагышы мүмкүн