29-декабрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 29-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Күңдүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +1…+3 жылуу, күндүзгү жогорку температурасы +8…+10 жылуу болушу күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Германия Орусиянын 4,1 млрд евро активдерин тоңдурду

Декабрдын башында Германия Евробиримдиктин санкциялык режиминин алкагында Орусиянын болжол менен 4,1 миллиард евролук активдерин тоңдурган. Бул тууралуу Германиянын Каржы министрлигинин өкүлү билдирди. «Буга тоңдурулган акчаларды, жеке адамдардын экономикалык ресурстарын, ошондой эле Россиянын Борбордук банкынын бөгөттөлгөн активдерин камтыган санкцияларга дуушар болгон бардык активдер кирет», – деди ал. Билдирүүгө ылайык, кеп россиялык […]

Сизге жагышы мүмкүн