Жыл башынан бери 20 миңден ашуун жаранга пенсия дайындалды

Автор

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-март айларында 20 миң 445 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде 2023-жылы март айында 4 миң 26 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1030 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

 

Ошондой эле, 143 миң 390 иштеген пенсионерлерге кайра эсептөөлөр жүргүзүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Сел жүрүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип, чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 10-12-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.   Кырсык катталган учурда 112 номерине чалууга болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн