Бүгүн Кыргызстанда Комуз күнү белгиленет

Автор

Бүгүн  Кыргызстанда  Комуз күнү белгиленет. Быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт.

Комуз күнүн Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган ар кандай иш-чаралардын өткөрүүгө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты, П. Шубин атындагы Борбордук музыкалык мектеби, КР Улуттук тарых музейи, Кинематография департаменти ж.б. Министрликтин алдындагы мекемелер уюштуруу иштерине тартылды.

Мындан сырткары, Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, бардык райондук маданият үйлөрүнө, кесиптик орто окуу жайларга жана маданият жана искусство мекемелерине аталган майрамдык күнгө иш- чараларды уюштуруп өткөрүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды комуз күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматынан билдирет. Төмөндө амлекет башчысынын куттуктоосунун толук тексти:   “Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды кыргыздын баа жеткис көркөм дөөлөтү, көөнөргүс ыйык мурасы, дил кайрыгы болгон Комуз күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Ар бир улут, ар бир эл […]

Сизге жагышы мүмкүн