Жылуулук борборун оңдоого миңдей адис тартылды

Автор

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын кесепетин жоюу жана оңдоо үчүн 991 адис жана 23 техника иштеп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, борбордун ичиндеги сууну сордуруу иштери аяктады. Калыбына келтирүү жумуштары уланууда.
Иштеп жаткан адистердин теңине жакыны Энергетика министрлигине караштуу ишканалардын жумушчулары, дагы 400дөйү Мамлекеттик курулуштун адистери. Андан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, милициянын да өкүлдөрү бар.
Жекшембиде өкмөттүн Медиа штабы 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатканы, 727 үйгө ысык суу берилгенин билдирди.
2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Ит мурун чайынын пайдалары

Ит мурун чайынын адамдын ден соолугу үчүн көптөгөн пайдалуу касиеттери бар. Ит мурун гүлүнүн мөмөсү иммундук системаны бекемдеп, организмди ар кандай инфекциялардан коргоого жардам берген С витамининин бай булагы. Витамин С ошондой эле дене клеткаларына зыян келтирүүчү зыяндуу эркин радикалдар менен күрөшүүгө жардам берген күчтүү антиоксидант. Кошумчалай кетсек, итмурун чайында […]

Сизге жагышы мүмкүн