Монголиянын премьер-министри Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Автор

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.

Монголия Өкмөтүнүн башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тосуп алды.

Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров дипломатиялык кызматкерлерди куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.   Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Дипломатиялык кызматтын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын 32 жылдык мезгилинде дипломатиялык кызматтын ролу жөн гана артпастан, ал өлкөбүздүн тышкы саясат мекемесинин ар бир кызматкеринин кошкон […]

Сизге жагышы мүмкүн