ЖОЖдун  ректорлоруна укуктук баа берилет

Автор

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин акыркы 5 жыл аралыгында башкарып кеткен ректорлор жана финансы жагын тейлеген проректорлорду текшерүү кызмат абалына  баа берүү маселеси парламентте көтөрүлдү. Жогорку Кеңешке аталган окуу жайдын студенттери кайрылышкан. Депутаттар барып көргөндө чын эле өнүгүү болбогону байкалган. Депутат Жеңишбек Токторбаев билдиргендей, парталары, эшиктери эски, имараттар каралган эмес. “Аталган Университетте 28 миң студент окуйт, контрактык өлчөм 37 миң сом. 2000 студент контракт төлөп окушат. 500 чет элдик студенттер бар. Ошолордон түшкөн каражатты кошкондо 910 млн сом, ал эми 67 млн 710 миң сом мамлекеттен түшөт. Баарын кошкондо 1 млрд сомдон ашат. Мугалимдердин айлыгы болсо, 18-23 миң сом. Бул аз каражат эмес. Кайда кетип жатат”,- деп сурады депутат. Аталган окуу жай боюнча протоколдук тапшырма берилди. Эми иштеп кеткен жетекчилердин кылмышы аныкталса, камакка алынып, үй мүлкү конфискацияланышы мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Киевге 300 миллион долларлык жардам берди

АКШнын Коргоо министрлиги Украинанын маанилүү коопсуздук жана коргонуу муктаждыктарына кошумча жардамын жарыялады. Жаңы аскердик жардам пакетине Patriot баштаган абадан коргонуу системалары үчүн ок-дарылар, ракеталар, артиллерия жана танк снаряддары, учак ракеталары, 30 миллиондон ашык ок атуучу куралдардын ок-дары, учкучсуз учуучу аппараттар үчүн ок-дарылар, минадан тазалоо системалары, түнкү көрүү аппараттары, ар кандай […]

Сизге жагышы мүмкүн