Шайлообек Атазов кайсы ажыдаардын куйругун басты?

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов “Кесиптик Бирликтер жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жер-жерлерде көчмө жыйындарды уюштуруп, Кесиптик бирликтердин карамагындагы мекемелердин жеке колдорго өтүп кеткендигин аныктап жатат. Мындан улам ага тиш кайрап, удулун күтүп жүрүшкөндөр жок эмес деген пикирлер басымдуулук кылууда. Кантсе да, курч саясатчы абай болбосо, аны сындырып коюучу күчтөр көп. Анткени, ал үлкөн жыландардын куйругун тебеледи. Маселен, Жалал-Абад облусунда эле бирликке таандык  27 имарат менчиктештирилип, 60 гектар жердин 30 гектардан ашык жери мыйзамсыз жеке жактарга да өтүп кеткенин аныктады. Кантсе да, коркпой – үркпөй өлкөнүн казынасына кол салгандардын колун кесүүгө аттанганы чоң эрдик. Мындай депутатын коомчулук колдоого алышы керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйылкы жыл дүйнөлүк экономика үчүн оор болору болжолдонду

Эл аралык валюта корунун божомолуна караганда, бул жыл дүйнөлүк экономика үчүн оор болот. Бул тууралуу аталган фонддун директору Кристалина Георгиева билдирди. Ал дүйнө Украинадагы жаңжалдын кесепеттерине жооп берип жатканын баса белгиледи. Мындан тышкары, экономикалык өсүшкө дүйнө жүзү боюнча акча-кредит саясатынын катаалдашы терс таасирин тийгизүүдө. Дүйнөлүк ИДП быйыл 3 пайыздан азыраак […]

Сизге жагышы мүмкүн